Севастополдо кайрадан жарылуунун добушу угулду

Абадан коргонуу системалары. Сүрөттүн жаңылыкка тиешеси жок.

Аннексияланган Крым жарым аралынын Севастопол шаарында 23-августта дагы эки жолу катуу жарылуунун добушу угулуп, орусиялык абадан коргонуу системасы иштегени кабарланды. Бул тууралуу жергиликтүү Интернет баракчалар жазып жатат. Телеграммдагы “ЧП Севастопол” деген баракча жарыялаган фото жана видеолордон асманда түтүндү көрүүгө болот.

Севастополдун орусиячыл бийлиги жана Орусиянын Коргоо министрлиги азырынча маалымат тарата элек. Украинанын бийлиги да бул окуя боюнча комментарий бере элек.

Акыркы күндөрү Крымда жана Севастополдо бир катар жардыруулар болду. 9-августта Крым жарым аралындагы орусиялыктар колдонгон “Саки” аскердик аэродромунда удаа жарылуулар катталган. Орусиянын бийлиги анда бир адам өлүп, 14ү жаракат алганын билдирген. Орусиянын Коргоо министрлиги анда аэродромдун аймагында авиациялык дүрмөттөр детонация болуп, жарылып кеткенин жарыялаган. Мекеме сырттан чабуул болгонун четке каккан.

16-августта Крымдын Жанкой шаарынан 20 чакырым алыстыктагы Майское айылында катар-катар жарылуулар болгон.

18-августта Орусиянын “Белбек” аба майданынын аймагында жарылуулар угулган. Шаарга жакын жайгашкан Севастополдун жана Бахчисарай районунун бир нече тургуну “жардыруулардын жана ок атышуулардын үндөрүн” укканын айтышкан.

Украинанын бийлиги Крымдагы жарылууларга тиешеси бар экенин тактай элек. Орусия Украинанын Крым жарым аралын 2014-жылы жазында күч менен өзүнө каратып алган. Эл аралык коомчулук Крымды Украинанын аймагы деп эсептейт.

Дагы караңыз

"Кумтөрдү" текшерүү башталды, Теңгиз Бөлтүрүк кызматынан четтетилдиОрусиядагы кырсыкта каза болгондордун сөөгү Кыргызстанга алып келиндиЕвробиримдик жалпы 7,5 миллион украин качкынын кабыл алдыОрусиядагы кырсык: жараат алган бир кыргыз жараны реанимацияда жатат Ульяновскидеги кырсык: өлкө лидерлери Кыргызстанга көңүл айттыАКШ орус жарандарына виза берүүнү чектебейт