Бишкектин Биринчи май райондук соту бүгүн, 23-августта Next TV телеканалынын директору Таалайбек Дүйшөмбиевдин ишин кароону улантты. Сот Улуттук илимдер академиясынын кызматкери Азамат Жанышбек уулун жана лингвистикалык экспертизаны жүргүзгөн Жийдегүл Семёнованы сурады. Алар экспертиза туура жүргүзүлгөнүн ырасташты. Ал эми Дүйшөмбиевдин жактоочусу Нурбек Сыдыков экспертиза мыйзамдарды бузуу менен жүргүзүлгөнүн айтып, кийинки сот отурумунда экспертизанын жыйынтыктарын жокко чыгаруу өтүнүчүн киргизе турганын билдирди. Кийинки отурум 2-сентябрга белгиленди.
Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) март айында аталган телеканалга каршы "улут аралык кастыкты козутуу" деген айып менен иш козгоп, директорун камакка алган, телеканалдын эфири үзгүлтүккө учураган.
Тергөө материалдарында "Next TV Кыргызстан Орусияга Украина боюнча жардам бере турганы жөнүндө такталбаган маалымат жарыялаган" деп жазылган.
Президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев маалымат таратууда этияттыкты сактоо жана стандарттарды кармануу керектигин билдирген.
Соттун алгачкы отуруму 21-июлда өткөн. Анда Дүйшөмбиев коюлуп жаткан айыпты моюнуна албай турганын айткан. Телеканалдын күбө катары көрсөтмө берген эфирдик оператору соттук териштирүүгө себеп болгон маалыматтын жарыяланышына Дүйшөмбиевдин тиешеси бар деп айта албай турганын билдирген.
Next TV каналына ээлик кылган оппозициялык саясатчы Равшан Жээнбеков чет элдик элчиликтерге жана эл аралык гуманитардык уюмдарга кайрылуу жолдоп, Кыргызстанда сөз эркиндигине болуп көрбөгөндөй басым жасалып жатканын, буга Дүйшөмбиевдин абакта отурганы мисал экенин айткан. (КЕ/KS)