Мигранттар кабылган кырсык: Түркиядагы үч шаарда көңүл айтуу китеби ачылды

Кыргызстандын Анкарадагы элчилиги. 23-август, 2022-жыл.

Бүгүн Кыргызстандын Анкарадагы элчилигинде, Стамбулдагы башкы консулдугунда жана Анталиядагы консулдугунда көңүл айтуу китеби ачылды. Элчиликтин маалыматына караганда, ага жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, дипломатиялык корпустун кызматкерлери жана кыргызстандыктар келип ойлорун жазып жатышат.

Орусиядагы кыргыз жарандарынын өмүрүн алган жол кырсыгына байланыштуу Кыргызстан 23-августта аза күтүүдө.

Ага ылайык, бул күнү өлкөдө, чет өлкөдөгү дипломатиялык жана консулдук мекемелердин имараттарында Кыргызстандын туусу ылдый түшүрүлөт. Маданий жайларда, маалымат каражаттарында оюн-зоок иш-чаралары, көңүл ачуучу берүүлөр токтотулат.

Орусиянын Ульяновск облусунда 21-августта ири жол кырсыгында 16 адам, анын ичинде 14 кыргыз жараны мерт болуп, дагы үчөө жараат алган.

Аварияга учураган кичи автобустагы кыргызстандыктар "кирди-чыкты" талабынан улам орус-казак чек арасына келип, кайра кайтып бараткан. (ElB)