Бул тууралуу акыйкатчы Атыр Абдрахматова Фейсбуктагы баракчасына жазды. Ал акыркы айларда элчиликтерге, консулдарга, дипломатиялык кызматкерлерге арыз көп түшүп жатканын айтып, айрыкча Орусияда даттануу көп экенин белгиледи.
Орусиядагы каргашага байланыштуу Ульяновск облусунда бул ишти тергеп жаткан тергөөчү менен байланышканын кабарлады. Акыйкатчы институту мигранттарды каттоого тургузуу талабына укуктук талдоо жүргүзүп жатканын, жыйынтыгында Жогорку Кеңешке сунуш берилерин билдирди.
Ульяновск облусундагы жол кырсыгында 16 адам каза болуп, алардын 14 кыргыз жарандары экенин белгилүү болду. Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги дагы үч адам ооруканага түшкөнүн, алардын жарандыгы такталып жатканын кабарлады. Каза болгондордун жакындары үчүн элчиликтин (+7 926 861 50 98, +996 551 312-000) атайын телефондору иштеп жатат.
Президент Садыр Жапаров тиешелүү министрлик-мекемелерге каргашадан каза болгондордун сөөгүн мекенине алып келүү үчүн атайын борт уюштурууну тапшырды.
Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев маалымдады. Анын билдирүүсүндө, президент каза болгондордун жакындарына жана туугандарына терең кайрыгуу менен көңүл айтканы жазылат.
Соңку учурда Орусиядагы мигранттарга каттоо талабынын күчөгөнүнө, кыргыз элчилигин ишине байланыштуу сын-доомат көп айтылып жаткан.
Дагы караңыз Орусиядагы жол кырсыгы: 23-август - аза күнү деп жарыяланды