Ысык-Көлдү торлордон тазалоо башталды

Көлдөн табылган балык уулоочу торлор.

Ысык-Көл облусунда көлдү мыйзамсыз балык уулагандардын торунан тазалоо башталды. Облустун ички иштер башкармалыгы көлдү тазалоого милиция кызматкерлери жана жергиликтүү тийиштүү органдар катышып жатканын маалымдады.

20-августта башталган рейддин жүрүшүндө Ысык-Көлдүн бардык акваториясында, жээктен 30-35 чакырым алыстыкта жана 25-30 метрге чейинки тереңдикте браконьерлердин торлору алынат. Баасы арзан болгондуктан браконьерлер балык кармагандан кийин балык уулоочу торду чыгарбай кетишет.

19-августта президенттин Ысык-Көл облусундагы өкүлү Алтынбек Сулайманов баштаган жетекчилерге президенттин “Ысык-Көлдүн экологиясын сактоо боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө” жарлыкты ишке ашыруудагы кемчиликтер үчүн эскертүү берилген.

Ысык-Көл милициясы жыл башынан бери экологиялык коопсуздук багытында 100 кылмыштын бети ачылганын билдирди. Аныкталган фактылар боюнча 64 кылмыш иши козголуп, анын 16сы боюнча тергөө бүтүп, сотко өткөн. Жалпы материалдык зыян 2 млн. 970 миң 522 сомду түзгөн.

Рейд учурунда Ысык-Көлдүн акваториясынан жалпы узундугу 27 500 метр 275 браконьерлик торлор тазаланып алынган. Мыйзамсыз балык уулаганы үчүн 25 браконьер кармалган. (TSh)

Дагы караңыз

Бишкекте коомдук транспортто телефон уурдоого шектелген жаран бир айга камалдыӨКМ көчкү коркунучу бар 44 жерде кырсыктардын алдын алуу иштерин жүргүзөтЖеңиштин эстен кеткис ирмемдериЕвропа орусиялыктардын көпчүлүгүнө качкын макамын берүүдөн баш тарткан