Бишкекте коомдук транспортто телефон уурдоого шектелген жаран бир айга камалды

Шектүүнүн милиция тараткан сүрөтү.

Бишкекте коомдук транспортто телефон уурдаган деп шектелип 33 жаштагы шектүү кармалды. Бул тууралуу Ленин райондук ички иштер бөлүмү кабарлады.

Милициянын кабарлашынча, 8-августта Бишкектеги маршруттук таксилердин биринен 13 миң сомдук телефонун уурдатканын айткан жаран арыз жазган. Факт боюнча Кылмыш жаза кодексинин 205-беренеси (“Уурулук”) менен иш козголуп, шектүү кармалган.

Ленин райондук сотунун чечими менен 15-августта шектүү №1 тергөө абагына бир айга камалды. Учурда анын башка дагы уурулук кылмыштарга катышы бар-жогу иликтенип жатат.

Улуттук статистика комитетинин маалыматында, өлкөдө 2022-жылдын алты айында мурунку жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу уурулук 1,4%, карактоо 15%, тоноо 5% көбөйгөн. Милиция коомдук транспортто уурулук көп болорун эскертип келет. (TSh)

Дагы караңыз

ӨКМ көчкү коркунучу бар 44 жерде кырсыктардын алдын алуу иштерин жүргүзөтЕвропа орусиялыктардын көпчүлүгүнө качкын макамын берүүдөн баш тарткан ИИМ: фейк аккаунттар менен экстремисттик материал тараткан киши кармалды Элчиликтин өкүлү Хорватияда кармалган кыргызстандыктар менен жолуктуАлымкадыр Бейшеналиев "Алтын балалыкка” жетекчи болуп дайындалды