Европа орусиялыктардын көпчүлүгүнө качкын макамын берүүдөн баш тарткан

Акыркы он жылдын ичинде Европа өлкөлөрү баш калка сурап кайрылган орусиялыктардын 77 пайызынын арызын канааттандырган эмес. Бул тууралуу “Если быть точным” долбоорунун чогулткан материалында айтылат.

2012-жылдан бери Европа мамлекеттеринен баш калка сураган 153 миң орус жаранынын 35 миңи качкын макамын алган. Юристтер мындай кайрылууларды карап чыгуу көптөгөн жылдарды талап кыларын белгилешет.

10 жылда 54 миң орусиялык Германиядан баш калка сурап кайрылса, анын 90%, Францияга кайрылган 42 миң орусиялыктын 76 пайызынын арызы канааттандырылган эмес. (TSh)

Дагы караңыз

Ысык-Көлдө майыптыгы бар жарандардын жүрүшү улануудаУкраина аскерге милдеттүүлөргө өлкөдөн бир жумага чыгууга уруксат беретЭлчиликтин өкүлү Хорватияда кармалган кыргызстандыктар менен жолуктуЕвропа Биримдиги камактагы саясатчы Навальныйды бошотууга чакырды