Бишкектеги ири өрт өчүрүлдү

Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкек шаарындагы Ташкент көчөсүндөгү турак-жайдан чыккан өрт өчүрүлдү. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин билдиришинче, кырсык болгон жерде төрт бригада иштеди.

"Алдын ала маалыматтарга караганда, ал үйдө жеке бала бакча болгон. Өрт ага жеткен эмес, жалпысынан 200 чарчы метр күйдү. Кырсыкта жабыркагандар жок жана анын кесепетин жоюу иштери уланып жатат",-деп айтылат маалыматта.

Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев өткөн айда жыл башынан бери катталган кырсыктардын басымдуу бөлүгү өрт менен байланыштуу экенин билдирген.

Расмий маалыматтарга караганда, Кыргызстанда 2022-жылдын алты айында 823 өрт катталган. Кырсыктарда 16 киши каза таап, материалдык чыгым 228 миң сомго жакын деп эсептелген.

Дагы караңыз

Лицензиясыз акча алмаштыруу менен алектенген эки жаранга айып салынды "Үмүт жана Ко" фирмасынын ээси ири курал сактоого шек саналып жататАскер институтунда каза болгон жоокердин сөөгү айылына жөнөтүлдү Чукул кабар: күн сууйт, айрым тоолуу аймактарда кар жаайт Сот блогер Батмакан Жолболдуеваны үй камагына чыгарды "Алтын казынадагы" зордуктоого шек саналып дагы бир адам кармалды