"Үмүт жана Ко" фирмасынын ээси ири курал сактоого шек саналып жатат

"БРДМ-2" үлгүсүндөгү аскер техникасы. Иллюстрациялык сүрөт.

Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) сүт азыктарын чыгарган "Үмүт жана Ко" ишканасынын ээси, А.Ж.Т. аттуу 1970-жылкы жаран мыйзамсыз курал-жарак, ок-дары жана жардыруучу зат сактаган деген айып менен кармалганын билдирди.

Маалыматка ылайык, анын үйүн жана иштеген жерин тинтүүдө "БРДМ-2" үлгүсүндөгү аскер техникасы, танканын үстүнө орнотулган "Калашников" үлгүсүндөгү пулемет баштаган бир топ курал-жарак, ок-дары жана жардыруучу зат алынган. Атайын кызмат тараткан кабарда, кармалган жаран "такай аскер формасын үстүнөн түшүрбөй кийип жүрөрү, агрессияга жакын экени" белгиленген.

Учурда бул фактыга байлыныштуу кылмыш иши козголуп, тергеп-иликтөө уланып жатат.

Маалыматтарга караганда, "Үмүт жана Ко" фирмасынын ээлери ага-ини Кайрат жана Журат Абдуллаевдер. Алар Токмоктогу "Гавайи" ири эс алуу жайынын кожоюндары катары белгилүү.

Дагы караңыз

Сот блогер Батмакан Жолболдуеваны үй камагына чыгарды Аскер институтунун бир жоокери октон каза болду "Алтын казынадагы" зордуктоого шек саналып дагы бир адам кармалды Камактагы Ырыс Жекшеналиевдин үйү тинтилгени кабарланды Каракалпакстан: акыйкатчы кыйноо тууралуу дооматты төгүндөдүБаткендеги аткезчиликтен улам үч милиция кызматкери кармалды