Өзгөчө кырдаалдар министрлиги аба ырайыга байланыштуу шашылыш кабар таратты. Ага ылайык, 20-22-август күндөрү абанын табы төмөндөп, айрым аймактарда кар жаашы ыктымалдыгы айтылат.
"Чүйдө түнкүсүн 7...12, күндүз 20...25, Таласта түнкүсүн 4...9, күндүз 18...23, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн 12...17, күндүз 24...29, тоо этектеринде түнкүсүн 7...12⁰, күндүз 21...26, Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн -3...+2⁰, күндүз 12...17⁰, Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн 6...11, күндүз 18...23⁰, Нарындын дыйканчылык аймактарында түнкүсүн 2...7, күндүз 19...24, тоолуу райондордо түнкүсүн 1...6, күндүз 10...15, бийик тоолордо түнкүсүн -2...-7, күндүз 3...8 градуска чейин төмөндөйт. Чүй менен Ысык-Көлдүн тоолуу райондорунда кар жаашы мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши ыктымал", деп айтылат маалыматта.
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги ар кандай кырсыктардын алдын алуу максатында тиешелүү орган-мекемелерге, жергиликтүү бийлик башчыларына жана жарандарга маалымат таратылганын кошумчалады.
Дагы караңыз
Сот блогер Батмакан Жолболдуеваны үй камагына чыгарды Аскер институтунун бир жоокери октон каза болду "Алтын казынадагы" зордуктоого шек саналып дагы бир адам кармалды Камактагы Ырыс Жекшеналиевдин үйү тинтилгени кабарланды Баткендеги аткезчиликтен улам үч милиция кызматкери кармалды