"Алтын казынадагы" зордуктоого шек саналып дагы бир адам кармалды

Чүй милициясы буга чейин "Алтын казынадагы" зордуктоого шек саналган 20 жаштагы бала кармалганын билдирген.

Чүй облустук ички иштер башмармалыгы 19-августта "Алтын казына" ресторандагы зордуктоо фактысына байланыштуу 26 жаштагы адам кармалганын билдирди. Милиция тараткан маалыматта тергеп-иликтөөнүн жүрүшүндө анын кылмышка катыштыгы бар экени аныкталганы, сотто бөгөт чарасы каралып эки айга камалганы айтылат.

8-августта аталган ресторанда администратор болуп иштеген бир нече адам аталган жайдын жашы жете элек официантын зордуктаганы жөнүндө маалымат тараган. Бул тууралуу зомбулукка кабылган кыздын ата-энеси коомчулукка кайрылган. Маалыматка караганда, кылмышка шектүүлөр 17 жаштагы кызды ресторандын жанындагы мейманканага камап, зомбулук көрсөткөн.

Чүй милициясы буга чейин "Алтын казынадагы" зордуктоого шек саналган 20 жаштагы бала кармалганын билдирген.

Расмий маалыматка ылайык, былтыр зордуктоо фактысына байланыштуу 604 иш катталып, анын 325и кыскарган. Кыргызстанда жашы жете электерди сексуалдык зомбулук көрсөтүү фактылары соңку мезгилде кызуу талкууланып келет. Бир ай мурун дагы бир жашы жете элек 13 жаштагы кыздын зордукталышы коомчулукта резонанс жараткан. Бул боюнча жарандык коом өкүлдөрү өлкө бийлигине кайрылып, тийиштүү чараларды көрүүнү талап кылган.

Дагы караңыз

Сот блогер Батмакан Жолболдуеваны үй камагына чыгарды Камактагы Ырыс Жекшеналиевдин үйү тинтилгени кабарланды Каракалпакстан: акыйкатчы кыйноо тууралуу дооматты төгүндөдүБаткендеги аткезчиликтен улам үч милиция кызматкери кармалды Министрликтердин соцтармактарда маалымат берүү өнөктүгү башталат Харьков: ракеталык чабуулдарда мерт болгондордун саны 17ге жетти