Кабулда мечиттеги жардыруудан каза болгондордун саны 21ге жетти

Жардыруудан каза болгондордун саны 21ге жетти.

Ооганстандын баш калаасы Кабулда 17-августта кечки намаз маалында ибадат кылуучуларга жык толгон мечитте жардыруу болуп, 21 киши мүрт кетти. Бул тууралуу Кабул полициясы бейшемби күнү билдирди.

Reuters агенттиги Кабулдагы талибдердин полициясынын өкүлү Халид Задран жардыруудан дагы 33 киши жараат алганын айтканын жазды. Күбөлөр агенттикке Кабулдун түндүгүндөгү конуштарда катуу жардыруу угулуп, жанындагы имараттардын терезелери талкаланганын айтышкан.

“Талибан” кыймылынын (Кыргызстанда тыюу салынган) өкмөтүнүн басма сөз катчысы Забихулла Мужахид жардыруудан каза болгондор жана жараат алгандар бар экенин ырастап, бирок алардын санын тактаган жок.

Жардыруу үчүн жоопкерчиликти азырынча эч ким моюнуна ала элек жана “Талибан” да ачык кайсы бир тарапты күнөөлөгөн жок.

Акыркы айларда шаар борборлорунда бир нече ири кол салуулар болду, алардын айрымдары үчүн өзүн “Ислам мамлекети” деп атап алган радикал топ жоопкерчилик алды.

Дагы караңыз

Харьковго урулган ракеталык соккулардан бир нече адам набыт болдуМуфтий облус казыларына санариптешүүгө өтүүнү тапшырды Муфтият: ажылык сапарга кезекке тургандардын акчасы кайтарылатСот Бейшеналиев иштен алгандарды кайра кызматка коюу чечимин чыгарды Кыргызстан кылмыштуулук деңгээли боюнча 40 өлкөнүн ичиндеЧүй, Таласта мектеп директорун тандоого катышкандардын 30% тесттен өттү