Харьковго урулган ракеталык соккулардан бир нече адам набыт болду

Харьков. Архивдик сүрөт.

Украинанын Харьков шаарынын Салтовка району 17-августтун кечинде аткылоого кабылды. Шаардын мэри Игорь Терехов көп кабаттуу үйлөрдүн биринин жанына ракета түшүп, өрт чыкканын билдирди. Мэрдин маалыматы боюнча, андан жети адам каза болуп, 17 киши жараат алды. Набыт болгондордун арасында 11 жаштагы бала бар.

Украинанын президенти Владимир Зеленский Телеграммдагы баракчасына аткылоодон жабыркаган имарат жатакана экенин жазып, чабуулду “жарандык объектилерге күтүүсүз кол салуу” деп атады.

Таң эрте Харьковго кайрадан абадан сокку урулуп, шаарга кеминде дагы беш ракета атылганы кабарланды. Харьков облусунун губернатору Олег Синегубов алардын бири Слободский районундагы жатаканага тийгенин билдирди. Алдын ала маалымат боюнча, соккудан бир адам каза болуп, 18 киши жараат алды. Анын ичинде экөө балдар.

Орусиянын Коргоо министрлиги соккулар боюнча комментарий бере элек. Согуш болуп жаткан тапта маалыматты көз карандысыз булактардан тез арада тактоо мүмкүн эмес.

Орусиянын аскерлери президент Владимир Путиндин буйругу менен 24-февралда Украинанын аймагына басып кирген. Аскердик кол салуунун максатын ал Украинаны “денацификациялоо” жана “демилитаризациялоо” деп атаган, бирок анын жөнүн так түшүндүргөн эмес.

Дагы караңыз

Муфтий облус казыларына санариптешүүгө өтүүнү тапшырды Муфтият: ажылык сапарга кезекке тургандардын акчасы кайтарылатСот Бейшеналиев иштен алгандарды кайра кызматка коюу чечимин чыгарды Акылбек Жапаров кытай элчиси менен темир жол куруу долбоорун талкууладыЭлчи Кадыркулов Зеленскийге ишеним грамотасын тапшырды Чүй милициясы: Сокулукта аялын көгала кылып сабаган жаран камалды