Муфтият: ажылык сапарга кезекке тургандардын акчасы кайтарылат

Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандын мусулмандар дин башкармалыгы (муфтият) 2019-жылдан ушул кезге чейин акчасын төлөп ажылык сапар үчүн кезекте турган жарандарга кайрылды. Анда алар ажылык сапар үчүн берген акчасын кайтарып алышы керектигин, ошол эле маалда кезеги сакталып тура берерин билдирди.

Быйыл Сауд Арабиясы Кыргызстанга ажылыкка барууга 2766 квота бөлгөн жана сапардын жалпы баасы 4500 доллар болгон. Коронавирус пандемиясына байланыштуу 2020 жана 2021-жылдары зыярат убактылуу токтоп турган.

Муфтият буга чейин Кыргызстандан ажылыкка барам дегендерден эки жыл мурда топтолгон 636 миң доллардын дайыны чыкпай жатканын билдирген.

Өлкөдө буга чейин ажылык сапарды уюштуруп өткөрүү жана топтолгон каражатка байланыштуу чуулуу окуялар катталган.

Дагы караңыз

Сот Бейшеналиев иштен алгандарды кайра кызматка коюу чечимин чыгарды Чүй, Таласта мектеп директорун тандоого катышкандардын 30% тесттен өттү Элчи Кадыркулов Зеленскийге ишеним грамотасын тапшырды Акылбек Жапаров кытай элчиси менен темир жол куруу долбоорун талкууладыЧүй милициясы: Сокулукта аялын көгала кылып сабаган жаран камалды Ислам шериктештиги оюндары: кикбоксчу Адилет Улан уулу күмүш байге алды