Кыргызстандык сууда сүзүүчү Денис Петрашов Түркиянын Конья шаарында өтүп жаткан V Ислам шериктештиги оюндарында алтын байгенин ээси болду.
Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин маалымат кызматынын өкүлү Айгерим Турдалиеванын маалыматына караганда, Петрашов 100 метрге брасс ыкмасы менен сүзүүдө финалдык жарышта 1-орунду алды (1 мүнөт 0,54 секунд). Экинчи жана үчүнчү орунда түркиялык спортчулар келишти. Денис Петрашов ушуну менен бул мелдеште үчүнчү жолу байгеге ээ болду. Ал буга чейин 13-14-августта брасс ыкмасы менен 50 жана 200 метрге сүзүүдө эки коло байге алган.
16 -августта Петрашовдон сырткары кыргызстандык спортчулар бир күмүш жана бир коло байгеге ээ болушту.
Шахида Нармухамедова дзюдо боюнча кыз-келиндер арасында 78 килограмм салмакта күмүш байге алды. Ал алгач камерундук, жарым финалда марокколук спортчуну утуп, финалда түркиялык Нуркан Йылмазга жеңилип, 2-орунду ээледи.
Бул күнү спорттун аталган түрүнөн Асад Масабиров (81 кг) менен Даина Халмурзаева (+78 кг) коло байге үчүн беттеште атаандаштарына утулуп, 5-орунду алышты.
Ал эми Камила Абдулхамитова фехтованиеден (шпага) кыз-келиндер арасында жеке беттеште коло байге алды. Спорттун бул түрүнөн бир күн мурда Роман Петров эркектер арасында алтын медал тагынган.
Соңку жыйынтыктар боюнча V Ислам шериктештиги оюндарында Кыргызстандын спортчуларында тогуз алтын, жети күмүш жана сегиз коло байге бар. Медалдардын көрсөткүчү боюнча Кыргызстан азыр 9-орунга көтөрүлдү. Сап башында Түркия, Өзбекстан жана Иран турат.
Түркиялыктар 102 алтын, 85 күмүш, 69 коло байге алышкан. 2-катардагы Өзбекстанда 42 алтын, 30 күмүш жана 47 коло бар. Ирандын спортчулары 37 алтын, 34 күмүш, 43 коло байге менен 3-орунга чыкты.
Бешинчи жолу өтүп жаткан оюндарга 56 мамлекеттен 4 миңдей спортчу катышып, спорттун 20 түрүнөн таймашууда. Кыргызстандан жүздөн ашык спортчу барды. Мелдештер 18-августка чейин уланат. (ECh)
Дагы караңыз
Ислам шериктештиги оюндары: Кыргызстан онунчу орунда Касымбеков уу коргошундун пайдасы клиникалык жактан ырасталбаганын айтты Бишкекте дагы бир турак жай кооперативине нааразы болгондор маалымат жыйын өткөрдүРоман Петров Ислам шериктештиги оюндарында алтын медал тагындыИслам шериктештиги оюндары: Ынтымак Мурадил уулу чемпион болду