Сотто Ырыс Жекшеналиев күнөөсү жок экенин билдирди

Ырыс Жекшеналиев.

Бүгүн, 16-августта Фейсбук колдонуучусу Ырыс Жекшеналиевдин бөгөт чарасы Биринчи май райондук сотунда каралууда. Ал сот залында өзүнө козголгон кылмыш ишин “акылга сыйгыс” деп атады.

15-августта Ички иштер министрлиги (ИИМ) Фейсбуктагы "Полит Узник" баракчасынын администратору Ырыс Жекшеналиевдин камалганын ырастаган. 19 жаштагы Жекшеналиев 14-августта Улуттук коопсуздук комитетинин мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаевдин Жетим-Тоо тууралуу айткандары тартылган видеону аталган баракчага жайгаштырганы үчүн милицияга чакырылып, камалганы белгилүү болгон. Милиция Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин ("Калайман баш аламандык") 3-бөлүмүнө ("Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык баш аламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар") ылайык кылмыш ишин козгогон. Жекшеналиев милициянын убактылуу кармоо жайына камалган.

14-августта президент Садыр Жапаров сөз болуп жаткан кенге байланыштуу кайрылуу жасап, Жетим-Тоону иштетүүгө азыр өлкөнүн даярдыгы жоктугун айткан жана укук коргоо органдарына жалган маалымат тараткандарга чара көрүүнү тапшырган.

Нарын облусундагы Жетим-Тоо темир кенин иштетүү - 2020-жылдын октябрь айындагы элдик толкундоодон кийин өлкө башына келген бийликтин демилгеси. Алар кен казуу жолу менен тышкы карыздан кутулса жана экономиканы көтөрсө болорун айтып келет. Кийин жарандык активисттер "Жетим-Тоо темир кенин коргоо" кыймылын түзгөн. (TSh)

Дагы караңыз

Касымбеков уу коргошундун пайдасы клиникалык жактан ырасталбаганын айтты Бишкекте дагы бир турак жай кооперативине нааразы болгондор маалымат жыйын өткөрдүЖогорку Кеңештин сайты хакердик чабуулдан кийин иштей элекЛицензиясыз акча алмаштыруу ишмердигин жүргүзгөн жаранга айып салынды