Жогорку Кеңештин расмий сайты ишке кире элек. Учурда аны калыбына келтирүүгө аракет уланып жатат. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы кабарлады. Алардын айтымында, сайтка хаккердик чабуул болгон.
Парламенттин расмий сайты иштебей жатканына 15 күндөй болуп калды. Сайтта парламент депутаттарынын ишмердүүлүгү жөнүндө маалыматтардан сырткары, коомдук талкууга коюлган мыйзам долбоорлору дагы бар. Эс алуудан кийин Жогорку Кеңеш ишин күзүндө баштайт.
Кыргызстанда өкмөт, мамлекеттик органдардын сайттары бузулган учурлар көп болгон. Акыркы жолу Жогорку Кеңештин сайты 2020-жылдын октябрь айында бузулган. (TSh)
Дагы караңыз
Аба ырайы: күн ачык болотЛицензиясыз акча алмаштыруу ишмердигин жүргүзгөн жаранга айып салынды Еревандагы жарылууда каза тапкандар 16га жеттиКрымда кайрадан жарылуулар катталдыРоман Петров Ислам шериктештиги оюндарында алтын медал тагынды