Кыргызстанга ЮСАИД 15 миллион сомдук медициналык жабдуу берди

Иллюстрациялык сүрөт.

Кошмо Штаттарынын Эл аралык өнүктүрүү агенттиги (ЮСАИД) коронавируска каршы күрөштүн алкагында Кыргызстанга 15 миллион сомдук медициналык жабдуу берди.

АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин билдиришинче, Улуттук госпиталга жогорку технологиядагы мобилдүү видеобронхоскоп тапшырылды. Чүй облустук ооруканасы мобилдүү рентген-аппарат алды. Ош шаардык ооруканасына бейтаптардын буюм-тайымдарын, шейшептерин дезинфекциялаган камера жөнөтүлдү.

ЮСАИДдин Кыргызстандагы өкүлү Кайи Адамс жабдуулардан сырткары медициналык кызматкерлердин кесипкөйлүгүн, билимин жогорулатууга жардам берүү жаатындагы иштер уланарын белгиледи.

Расмий маалыматка ылайык, коронавирус пандемиясы башталгандан бери аталган эл аралык уюм Кыргызстанга жалпысынан 10 миллион доллардан ашык каражатка жардам көрсөттү.

Кыргызстанда 8-августтан 14-августка чейин дагы 527 адамдан коронавирус аныкталды. Санэпидкөзөмөл жана ооруларды алдын алуу борборунун маалымдашынча, илдетке чалдыккан 138 бейтап ооруканада, калгандары үйүндө дарыланып жатат.

Расмий маалыматка ылайык, пандемияда оорудан үч миңдей бейтап көз жумган.

Дагы караңыз

Өкмөт: "Асман" шаарын, жаңы стадион куруу долбоорлору талкууланды Бишкек мэриясы аш-тойду чектеген жобонун долбоорун талкууга койду Президент 25-ноябрда элдик курултай өткөрүү тууралуу жарлыкка кол койду Ош: колу жука 350 үй-бүлөгө чакан бизнеске 100 миң сомдон берилет Бишкек мэриясы: мектеп формасын алууга мажбурлагандар жазаланат Казакстан: кумшекер кымбаттаган жагдайдан улам министр иштен кетти Украинадагы согуш: жикчил “ДНР” чет өлкөлүк беш жаранга айып койду