Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 16-августта Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинде көчмө жыйын өткөрдү.
Өкмөттүн басма сөз кызматынын билдиришинче, анда Бишкектин жанындагы 7 миң орундуу спорттук-маданий комплексин, Ысык-Көл облусундагы "Асман" экологиялык таза шаарын, ошондой эле Чүйдөгү Орок айылында 22 миң орундуу стадиону бар "Бишкек Сити" эл аралык ишкердик борборун куруу долбоору талкууланды.
"Мындан сырткары Бишкектеги №47 түзөтүү колониясынын ордуна мектеп жана бала бакчаларды камтыган турак жай комплексин куруу маселеси каралды. Акылбек Жапаров бул долбоорлорду сапаттуу иштеп чыгуу маанилүү экенин белгиледи. Аталган долбоорлор жагымдуулугу, ыңгайлуулугу, коопсуздугу жана экологиялык жактан тазалыгы боюнча тыкыр ойлонулушу шарт экенине токтолду",- деп айтылат маалыматта.
Президенттин администрациясы Ысык-Көлдө “Асман” деп аталган, 500 миң туруктуу жашоочуга ылайыкташтырылган шаарды куруу долбоорун былтыр жайында жарыялаган. Экологиялык таза, заманбап шарттары бар бул шаар 7-10 жылдын аралыгында курулары кабарланган. Шаар Тору-Айгыр айылына түшмөк, бирок быйыл май айында шаар түшчү аймак өзгөргөнү белгилүү болгон.
Бир катар жарандык активисттер долбоорго каршы чыгып, “Асман шаарынын курулушуна жол жок” деген кыймыл түзүлгөн. Алар Ысык-Көл менен анын жака-белиндеги жерлер коргоого алынган биосфералык аймакка кирерин, шаар курулса экологиялык катастрофа жаралышы ыктымал экенин эскертишкен.
Дагы караңыз
Бишкек мэриясы аш-тойду чектеген жобонун долбоорун талкууга койду Президент 25-ноябрда элдик курултай өткөрүү тууралуу жарлыкка кол койду Ош: колу жука 350 үй-бүлөгө чакан бизнеске 100 миң сомдон берилет Казакстан: кумшекер кымбаттаган жагдайдан улам министр иштен кетти Украинадагы согуш: жикчил “ДНР” чет өлкөлүк беш жаранга айып койду