Президент Садыр Жапаров 16-августта "Элдик курултайды чакыруу жөнүндө" жарлыкка кол койду. Президенттин басма сөз кызматы тараткан маалыматта ушул жылдын 25-ноябрында Бишкекте биринчи элдик курултай чакырылары жазылган.
Жарлыкта курултайды уюштуруу комитетинин башчысы болуп мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов дайындалды жана курамы бекитилди.
Май айында Жогорку Кеңештин тармактык комитети Садыр Жапаровдун өтүнүчү менен “Элдик курултай жөнүндө” конституциялык мыйзам долбоорун чукул караган, бирок документтин концепциясы колдоо тапкан эмес.
Жыйында негизинен бул институттун макамы, ыйгарым укуктары, делегаттар жана президенттин администрациясынан көз карандуулугуна байланыштуу беренелерден улам кызуу талаш-талкуу чыккан жана сын-доомат айтылган. Мыйзамга ылайык, эми жарым жылдан кийин гана курултай тууралуу жаңы мыйзам долбоорун парламентке алып келе алышат.
Элдик курултай институту былтыр 5-майдан тартып күчүнө кирген Конституцияда жазылган. Ага ылайык, ушул жылдын 1-сентябрына чейин атайын мыйзам кабыл алынып, курултай жыл аягына чейин жыйынга чогулушу керек болчу.
Элдик курултай институту тууралуу берене 2010-жылы кабыл алынган Баш мыйзамда да бар эле. Анда курултай жөнүндө конституциялык мыйзам жазылып, бирок кабыл алынбай калган.
Дагы караңыз
Бишкек мэриясы: мектеп формасын алууга мажбурлагандар жазаланат Энергетика компанияларын бириктирүү, ирилештирүү аяктады Алексей Навальный түрмөнүн айып изоляторуна киргизилди Казакстан: кумшекер кымбаттаган жагдайдан улам министр иштен кетти Украинадагы согуш: жикчил “ДНР” чет өлкөлүк беш жаранга айып койду Ош: колу жука 350 үй-бүлөгө чакан бизнеске 100 миң сомдон берилет