Кыргызстандык Канымжан Алмазбек кызы Түркиянын Конья шаарында өтүп жаткан V Ислам шериктештиги оюндарында коло байгенин ээси болду.
Дене тарбия жана спорт департаментинин маалыматына караганда, Алмазбек кызы бүгүн, 15-августта оор атлетикадан 87 килограмм салмакта күч сынашты.
Алгач жулкуп көтөрүүдө 76 килограмм, түртүп көтөрүүдө 95 килограмм салмакты көтөрүп, жалпы 171 килограмм салмак менен Ислам шериктештиги оюндарында 3-орунду ээледи.
Буга чейин спорттун бул түрүнөн 89 килограмм салмактагылар арасында Эмил Молдодосов күмүш байге алган.
Ушул учурда Кыргызстандын спортчуларында алты алтын, алты күмүш жана алты коло байге бар.
Бешинчи жолу өтүп жаткан оюндарга 56 мамлекеттен 4 миңдей спортчу катышып, спорттун 20 түрүнөн таймашып жатат. Кыргызстандан жүздөн ашык спортчу барды. Мелдештер 18-августка чейин уланат.
Дагы караңыз
Ислам шериктештиги оюндары: оор атлет Эмил Молдодосов күмүш байге алдыИслам шериктештиги оюндары: кыргызстандык үч балбан алтын медал уттуИслам шериктештиги оюндары: Айпери Медет кызы алтын медал тагындыИслам шериктештиги оюндары: Акматалиев жана Тыныбекова алтын байге алыштыИслам шериктештиги оюндары: Алмаз Сманбеков күмүш медал утту