Еревандагы жарылууда өлгөндөр алтыга жетти

Ереван шаарындагы "Сурмалу" соода борборундагы өрт.

Армениянын борбору Ереван шаарындагы "Сурмалу" соода борборундагы жарылуудан каза болгондор кеминде алты адамга жетти, дагы 16 киши дайынсыз болуп жатат. Бул тууралуу өлкөнүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өкүлү Гари Армаганян журналисттерге билдирди.

Окуя 14-августта борбордун пиротехникалык кампасында болду. Баштапкы маалыматтарга ылайык, эки күчтүү жарылуудан кийин өрт чыккан. Алгач бийлик бир адам өлүп, 30дай адам жабыр тартканын маалымдаган. Урандылардын астында дагы деле адамдар калган болушу мүмкүндүгү айтылган.

Өрттү өчүрүү жана куткаруу иштери 15-августта да уланды. Адистер өрт толук чектеле электигин маалымдашты.

"Сурмалу" базары шаардын борборунан 2 чакырымдай аралыкта жайгашкан. Андагы кырсык тартылган видеолор интернетте тарап жатат. Тасмадан кара түтүн базардын үстүн толук каптап калганы көрүнүп турат. (ErN)

Дагы караңыз

Бир жумада коронавирус 527 кишиден аныкталдыМамлекеттик катчы "Так мураскери" тасмасын сындагандарга жооп берди Аба ырайы: күн ачык болотЖекшеналиевге "баш аламандык уюштурууга чакырган" деген айып коюлду