Денис Петрашов Ислам шериктештиги оюндарында дагы бир коло байге алды

Денис Петрашов V Ислам шериктештиги оюндарында. 13-август, 2022-ж. Конья, Түркия.

Кыргызстандык сууда сүзүүчү Денис Петрашов Түркиянын Конья шаарында өтүп жаткан V Ислам шериктештиги оюндарында дагы бир коло байгенин ээси болду. Дене тарбия жана спорт департаментинин маалыматына караганда, Петрашов 14-августта 200 метр аралыкка брасс боюнча жарышты.

Белгилей кетсек, Денис Петрашов буга чейин дагы 13-августта брасс боюнча 50 метр аралыкка жарышып, коло байге алган. Бүгүн, 15-августта 100 метрге брасс боюнча жарышат.

V Ислам шериктештиги оюндары 9-августта расмий ачылган.

Петрашовдун алган коло байгесин кошкондо учурда Кыргызстандын спортчуларында алты алтын, алты күмүш жана беш коло байге бар.

Бешинчи жолу өтүп жаткан оюндарга 56 мамлекеттен 4 миңдей спортчу катышып, спорттун 20 түрүнөн таймашып жатат. Кыргызстандан жүздөн ашык спортчу барды. Мелдештер 18-августка чейин уланат. (ECh).

Дагы караңыз

Ислам шериктештиги оюндары: оор атлет Эмил Молдодосов күмүш байге алдыИслам шериктештиги оюндары: кыргызстандык үч балбан алтын медал уттуИслам шериктештиги оюндары: Айпери Медет кызы алтын медал тагындыИслам шериктештиги оюндары: Акматалиев жана Тыныбекова алтын байге алыштыИслам шериктештиги оюндары: Алмаз Сманбеков күмүш медал утту