Ислам шериктештиги оюндары: оор атлет Эмил Молдодосов күмүш байге алды

Ислам шериктештиги оюндарынын күмүш байгесини ээси, ооратлет Эмил Молдодосов. 14-август, 2022-ж. Конья, Түркия.

Кыргызстандык оор атлет Эмил Молдодосов Түркиянын Конья шаарында өтүп жаткан V Ислам шериктештиги оюндарында күмүш байгеге ээ болду.

Дене тарбия жана спорт департаментинин маалыматына караганда, Молдодосов 14-августта 89 килограмм салмактагы спортчулар арасында күч сынашты. Ал жулкуп көтөрүүдө 161 килограмм, түртүп көтөрүүдө 193 килограмм салмакты көтөрүп, жалпы эсепте 354 упай менен 2-орунду ээлеп, күмүш байге алды.

V Ислам шериктештиги оюндары 9-августта расмий ачылган.

Буга чейин Кыргызстандын спортчулары алты алтын, беш күмүш жана төрт коло байге алган.

Бешинчи жолу өтүп жаткан оюндарга 56 мамлекеттен 4 миңдей спортчу катышып, спорттун 20 түрүнөн таймашып жатат. Кыргызстандан жүздөн ашык спортчу барды. Мелдештер 18-августка чейин уланат. (ECh)

Дагы караңыз

Ондогон өлкө Орусияны Запорожье АЭСинен аскерлерин чыгарууга чакырдыУкраин армиясы орус күчтөрүнүн курал-жарак кампаларын бутага алуудаСалман Рушдинин өмүрүнө кол салган кишиге айып тагылдыКазак министри Орусияны кыйгап өткөн жол менен мунай экспорттоо планын төгүндөдү