Президент Жапаров Жетим-Тоого байланыштуу пикирин билдирди

Садыр Жапаров

Президент Садыр Жапаров Жетим-Тоонун айланасындагы талаш-талкууга байланыштуу элге кайрылуу жолдоп, ал жердеги кенди колдонууга каршы чыккандарды сындады. Ал жарандарды "Жетим-Тоону берип атышат деп калп сүйлөбөөгө" чакырып, тийиштүү органдарды жалган маалымат тараткандар менен иштөөгө үндөдү.

Мамлекет башчынын текст түрүндөгү кайрылуусу 14-августта Фейсбуктагы баракчасына жарыяланды.

"Эсиңиздерде болсо, президенттик шайлоодо “Эгер Жетим-Тоону 100 пайыз өзүбүз иштете турган болсок, сырткы карызыбызды Жетим-Тоо эле жаап коет” деп айткан сөзүм бар. Бирок азыр Жетим-Тоону иштетели деген эч ким жок", - деп белгилеген Жапаров "бүгүн эле Жетим-Тоону иштетип жиберүүгө даярдык жоктугун, геологиялык иштер жүргүзүлүп, запасын тактоо буйругу берилгенин" кошумчалады. Ал кенди Кыргызстан өзү иштете турганын, башкаларга үлүш берилбестигин айтты.

Нарын облусундагы Жетим-Тоо темир кенин иштетүү - 2020-жылдын октябрь айындагы элдик толкундоодон кийин өлкө башына келген бийликтин демилгеси. Алар кен казуу жолу менен тышкы карыздан кутулса жана экономиканы көтөрсө болорун айтып келет. Кийин жарандык активисттер "Жетим-Тоо темир кенин коргоо" кыймылын түзгөн.

Садыр Жапаров 2020-жылы Октябрь окуяларынан кийин премьер-министрдин милдетин аткарып турганда Нарын облусундагы Жетим-Тоо темир кенинде беш миллиард тоннадай темир кени бар экенин айтып, аны иштетүү ниетин билдирген. (SE)

Дагы караңыз

ТИМ Хорватияда кармалган кыргызстандыктардын иши менен алектенүүдөКытайда селден жети адам каза болдуОшто мектеп директорлугуна талапкерлердин 25% сынактан өттү