Кыргызстанда жыл башынан бери азык-түлүк 12% кымбаттады

Кыргызстанда быйылкы жылдын алгачкы жарымында инфляциянын деңгээли 9,6 пайызды түздү. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттин маалыматында айтылат. Өлкөдө жарым жылда эң көп алкоголдук ичимдиктердин жана тамекинин баа өсүп, 12,9% жогорулаган. Тамак-аш жана алкоголсуз ичимдиктер 12,6% кымбаттады.

Азык-түлүктөрдүн ичинен кумшекер 41%, ун 25,5%, мөмө-жемиш 20,7%, сүт азыктары 16,7% кымбаттаган.

Кыргызстандын Экономика министрлиги БУУнун Азык-түлүк, энергетика жана финансы тармагындагы кризистерге каршы туруу глобалдык тобунун маалыматтарына таянып, дүйнөдө азык-түлүк жана сырьелук товарларга баа өсүп жатканын билдирүүдө.

Украинадагы Орусия баштаган согуш бүтүн дүйнөдө кымбатчылыкты күчөттү. Кыргызстанда азык-түлүк баасы кескин өсүүдө. Быйыл март айында социалдык-экономикалык көйгөйлөргө чара көрүү боюнча Антикризистик комитет түзүлгөн эле. Кыргыз өкмөтү кумшекерди сыртка чыгарууга жарым жылга чектөө киргизген болчу.

Дагы караңыз

Эстония жана Финляндия деңиз коргоо күчтөрүн бириктирүүнү сүйлөштү Чех министри орусиялыктарга Шенген визасын берүүгө тыюу салууну колдоду Өзгөчө кырдаалдар министрлигине атайын техника тапшырылдыИсаков Июнь окуясы боюнча тергөө үстүртөн жүргөнүн айтып чыкты