Өзгөчө кырдаалдар министрлигине атайын техника тапшырылды

Өзгөчө кырдаалдар министрлигине атайын техниканы тапшыруу учуру. 13-август, 2022-жыл.

Президент Садыр Жапаров 13-августта Өзгөчө кырдаалдар министрлигине жаңы атайын техниканы тапшырды. Бул тууралуу мамлекет башчысынын маалымат кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, министрликтин түзүмдөрүнө Airbus H-125 тик учагы, автобустар, экскаваторлор, жол тандабастар, 150 мобилдик үйлөр жана башка техникалар тапшырылды. Президенттин маалыматына караганда, бул техниканы алуу үчүн республикалык бюджетттен 384 миллион сом бөлүнгөн.

Жапаров кийинки жылы да бюджеттин эсебинен дагы бир тик учак сатып алуу пландалып жатканын жана Азия өнүктүрүү банкынын колдоосу менен бир нече атайын техника алынарын кошумчалады.

Март айында Дүйнөлүк банк "Табигый кырсыктардын тобокелдигине туруктуулукту жогорулатуу” долбоорунун алкагында Кыргызстанга 58 өрт өчүрүүчү автоунаа алып берген.

Өлкөдө буга чейин өзгөчө кырдаалдарда атайын техникалар жетишпестиги курч маселе катары көтөрүлүп келген.(BkA)

Дагы караңыз

Исаков Июнь окуясы боюнча тергөө үстүртөн жүргөнүн айтып чыктыЧех министри орусиялыктарга Шенген визасын берүүгө тыюу салууну колдоду ТИМ Уфада иштен бошотулган кыргызстандыктардын көйгөйүн иликтей баштадыМедициналык багыттагы чет өлкөлүк студенттердин окуу акысынын төмөнкү чеги белгиленди