Батыш өлкөлөрү Орусиянын агрессиясына каршы туруу үчүн Украинага аскердик жардам катары дагы бир жарым миллиард евродон ашык каражат бөлүүнү убада кылды. Бул тууралуу Копенгагенде 26 өлкөнүн коргоо министрлеринин конференциясында айтылды.
Бул каражат курал-жарактарды, ракеталарды жана ок-дарыларды жеткирүүгө, Украина үчүн курал өндүрүүнү көбөйтүүгө, украин аскерлерин окутууга жана Украинадагы согуш жүрүп жаткан аймактарды миналардан тазалоого жумшалат.
Украинанын президенти Владимир Зеленский видеобайланыш аркылуу Батыш өлкөлөрүндөгү союздаштарына кайрылып, каражат жана ок-дарыларды берүүнү суранды.
“Орусияны канчалык эрте токтотсок, өзүбүздү ошончолук коопсуз сезебиз. Коргонуу үчүн бизге курал жана ок-дары керек”, - деди Зеленский.
Польшанын, Словакиянын жана Чехиянын коргоо министрлери Украина үчүн артиллериялык системаларды, ок-дарыларды жана башка аскердик техникаларды чыгарууну көбөйтүүгө даяр экенин билдиришти. Улуу Британия бир нече ракета аткычтар жана 80 чакырымга чейинки буталарды атууга жөндөмдүү M31A1 так башкарылуучу ракеталар үчүн кошумча 300 миллион евро бөлүүнү убада кылды.
Орусия Украинага согуш ачкандан бери Батыш украин куралдуу күчтөрүнө аскердик жардам берип келатат. Украина АКШ жөнөткөн HIMARS жапырт аткылоочу реактивдүү системаларын ийгиликтүү пайдаланууда.
Дагы караңыз
Жалал-Абад: кытай адистери темир жол курулчу тилкелер менен таанышатОрус аскерлери Горловка-Зайцев багытында “жарым-жартылай ийгиликке жетти”Баткен: жайлоого мал айдап кеткен чабан бир нече күндөн бери табылбай жатат Нарын: Чырпыктыда алтын чайкоого каршылар митингге чыкты Онкология борбору: дарыгерлер блогерден улам бийликке даттанышты