Согушту айыптаган Марина Овсянникова үй камагына чыгарылды

Марина Овсянникова. Архивдик сүрөт.

Москванын Басманный райондук соту Орусиянын армиясы тууралуу жалган маалымат тараткан деп шек саналган “Биринчи каналдын” мурдагы редактору Марина Овсянникованы 9-октябрга чейин үй камагына чыгарды. Анын адвокаты Дмитрий Захватов мындай өтүнүчтү тергөөчүлөр бергенин Телеграммдагы каналына жазды.

“Азаттыктын” орус кызматы соттун чечими жарыяланганга чейин сот залынан кишилердин бардыгы, анын ичинде журналисттер да чыгарылганын билдирди.

10-августта Орусиянын Тергөө комитети Марина Овсянниковага Кремлдин фонунда пикет өткөргөнү үчүн кылмыш ишин козгоду. Ал 15-июлда “Путин канкор, анын аскерлери фашист. 352 бала каза болду” деген сөздөр жазылган плакатты көтөрүп алып Кремлдин жанына нааразылык акцияга чыккан.

10-августта эртең менен Овсянникованын үйүндө тинтүү жүргүзүлүп, кийин суракка алып кетишкен.

Марина Овсянникова 14-мартта “Время” программасынын кечки чыгарылышындагы түз эфирде студияга кирип барып, алып баруучу Екатерина Андрееванын артында “Согушту токтоткула! Пропагандага ишенбегиле. Бул жерде силерге калп айтып жатышат” деген плакатты көтөрүп чыккан. “Согушту токтоткула!” жана “Согушка жол жок!” деп кыйкыра баштаганда режиссёрлор эфирди башка сюжеттин кадрлары менен жабууга аргасыз болушкан.

Москванын Останкино соту Овсянниковага карата “Орусия армиясын дискредитациялоо” боюнча кылмыш ишин каттап, ага 30 миң рубль айып пул салынган.

Марина Овсянникова апрелде өлкөдөн чыгып кетип, Германиянын Die Welt гезитине штаттан тышкаркы кабарчы болуп жумушка орношкон. Кийин кайра иштен чыгып кетип, июлдун башында Орусияга кайтып барган.

Дагы караңыз

Казакстанда эстеликке Z белгисин тарткан адам жети суткага камалдыБалдарга карата зомбулуктун жазасын күчөткөн мыйзам күчүнө кирдиАдвокаттар Атамбаевдин Орусияга барып дарыланышына уруксат сурадыӨзбекстанда чет жакта согушка катышкандары жарандыктан ажыратуу демилгеси көтөрүлдүИслам шериктештиги оюндары: Алмаз Сманбеков күмүш медал утту