Бишкектеги №61 мектептин директору Юрий Низовский үй камагына чыкты. Мындай чечимди 10-августта Бишкектин Биринчи май райондук соту чыгарганын анын адвокаты Икрамидин Айткулов “Азаттыкка” билдирди.
“Шектүүнү үй камагына коё берүү тууралуу менин өтүнүчүмдү тергөө да колдоду. Анткени анын мамлекеттик сыйлыктары бар. Андан тышкары ал ооруп жатат. Низовскийдин дарты шектүүнү камакта кармоого болбой турган оорулардын катарына кирет”.
Икрамидин Айткуловдун сөзүнө караганда, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Юрий Низовскийге башта “Коррупция” беренеси менен иш козгогон. Ал азыр “Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” беренесине өзгөртүлдү.
Бишкектин Биринчи май райондук соту шектүү 16-сентябрга чейин үй камагына алынганын кабарлады.
9-августта УКМК Низовский коррупцияга шек саналып кармалганын билдирген. Мекеме ал окуучулардын ата-энелеринен туруктуу акча алып турган коррупциялык схема түзгөнү аныкталганын жарыялаган.
Атайын кызмат шектүү мыйзамсыз мүлктөрүн жашыруу максатында аларды жакындарына жана ишенимдүү адамдарга каттатып жүргөнүн, “Тергөөнүн жүрүшүндө анын жана жакын туугандарынын менчигинде 35тен ашык кыймылдуу жана кыймылсыз мүлк аныкталганын” кошумчалаган.
Июлда президент Садыр Жапаров көп жыл иштеген мектеп директорлорун иштен алуу, аларды атайын сынак аркылуу дайындоо тууралуу жарлыкка кол койгон. Ага ылайык, беш жылдан көп иштеген мектеп директорлору иштен бошотулуп, кайра сынак аркылуу тандалууда.
Юрий Низовский 1991-жылдан бери директор болуп иштеп келаткан. Ал бул сынакка катышпай турганын айткан. Аны колдогон ата-энелер акция өткөрүшкөн.
Дагы караңыз
Кыргызстандык хорсболчулар алгачкы жолу дүйнө чемпионатына катышатБарак эксклавынын тургундары бийликке кайрылышты ЕБге орус жарандарына Шенген визасын берүүгө тыюу салуу сунушу киргизилдиG7: Орусия Запорожье АЭСин Украинага өткөрүп бериши керекБайден Финляндия менен Швециянын НАТОго киришине макулдук бердиМосква: каза болгон эки кыргыз жарандын сөөгү мекенине жөнөтүлдү