Бишкектеги № 61 мектептин директору Юрий Низовский УКМКда сурак берип жатканын укук коргоо органдарындагы ишенимдүү булактар "Азаттыкка" билдиришти.
Анын атайын кызматка чакырылганын жергиликтүү маалымат сайттары да жазып чыгышты. Маалыматтарга караганда, директор УКМКга суракка чакырылган, азырынча чыга элек. Ал “мыйзамсыз баюуга” шектелүүдө.
Азырынча УКМК жана башка тиешелүү мекемелерден бул кабарды тактоого мүмкүнчүлүк боло элек.
Атайын кызматтын имаратынын алдында Низовскийдин 20дай жактоочусу чогулуп турат.
27-июлда Юрий Низовскийди өз ордунда калтырууну талап кылгандар шаардын Горький багында акция өткөрүшкөн. Буга чейин ал "директорлорду тандоо боюнча сынакка катышуу анын ар-намысына шек келтирген кадам" болорун айткан.
Билим берүү жана илим министрлигинин 2022-жылдын 26-июлундагы буйругунун негизинде мектеп жетекчилеринин бош кызмат орундарына сынак жарыяланган. Ага ылайык өлкөдөгү 2333 мектептин ичинен 966 мектептин директорлугуна сынак башталды.
12-июлда президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык беш жылдан ашык иштеген мектеп директорлору кызматтан кетиши керек. (TSh)
Дагы караңыз
Бишкек-Балыкчы поезд каттамы убактылуу жабылдыТИМ жаңы паспорттун Орусияда текшерилип жатканын териштирүүдөАйзаданын өлүмү боюнча кенемте берүү маселеси сотто каралатКыргыз-өзбек чек арасындагы “Достук” бекети убактылуу жабылат