Бишкек-Балыкчы поезд каттамы белгисиз мөөнөткө жабылды. Бул тууралуу “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасы билдирди. Каттам 30-июлдагы селден кийин жабылып, 10-августта жанданары айтылган.
Селдин айынан Боом аркылуу өткөн автожол дагы бир нече жолу убактылуу жабылып, кайра ачылган. Акыркы жолу капчыгайда 5-августта сел каптаган. Натыйжада Бишкек–Нарын–Торугарт жолунун 136 жана 138-чакырымдары кум-шагылга толуп калган.
Бишкек-Балыкчы поезди жайкы сезондо иш күндөрү беш, дем алышта тогуз жолу каттайт.
Быйыл жол кире 69 сомдон 150гө жогорулады. Бишкектен Балыкчыга каттаган поездге 22-июлдан тартып жаңы люкс вагон кошулган. (TSh)
Дагы караңыз
ТИМ жаңы паспорттун Орусияда текшерилип жатканын териштирүүдөАйзаданын өлүмү боюнча кенемте берүү маселеси сотто каралатКыргыз-өзбек чек арасындагы “Достук” бекети убактылуу жабылатЫсык-Көлдө секелекке ыплас аракет жасоого шектүү кармалды