"Манас" аэропортун сырткы башкарууга берүү сынагын сентябрда өткөрүү пландалууда

"Манас" аэропорту.

"Манас" аэропортун сырткы башкарууга берүү боюнча ачык сынакты сентябрда өткөрүү пландалууда. Бул тууралуу "Азаттыкка" Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору Равшан Сабиров билдирди. Анын айтымында, учурда ачык сынак өткөрүүгө даярдык жүрүп жатат. Ага Германия, Түштүк Корея сыяктуу бир нече өлкөлөрдөн компаниялар кызыкдар экенин билдирип, сунуштарын берүүдө.

"Биз өкмөткө сунуштарды киргиздик. Эки этап менен ачык-айкын конкурсту өткөрөбүз. Бул боюнча президент менен сүйлөштүм. Ал киши ачык-айкын конкурс өткөрүп, татыктуу компания утсун деген тапшырма койду",-деди Сабиров.

Кыргыз бийлиги "Манас" аэрорторун сырткы башкарууга берүү боюнча ишти былтыр баштаган. Бул үчүн Эл аралык финансы корпорациясынын (IFC) кеңешчү катары тандалган. Бул боюнча даярдыктар жүрүп жаткан учурда быйыл июнда Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров "Манас" жана Ош аэроптортторун түркиялык YDA INŞAAT компаниясына сынаксыз эле 39 жылга сырткы башкарууга берүү чечими каралып жатканын билдирген эле. Бул коомчулукта жараткан соң өкмөт бул чечиминен баш тарткан.

"Манас" жана "Ош" аэропорттору Кыргызстандагы эл аралык макамга ээ эң ири аба майдандар. Эки аба майдан тең “Манас” ачык акционердик коомунун курамына кирет жана өлкөдөгү кирешелүү компаниялар болуп саналат. (BkA)

Дагы караңыз

Орус аскерлери Украинадагы калктуу конуштарды аткылады“Креативдүү индустриялар паркы жөнүндө” мыйзамга кол коюлдуЭлчи Украина менен товар жүгүртүү боюнча сүйлөшкөнүн билдирдиОвсянникова “орус армиясын дискредитация кылды” деген доого жыгылды