“БесогонТВ” Орусияда абакка кесилген адам Украинадагы согушта каза болгонун көрсөттү

Никита Михалков жана аскерлер. Коллаж.

Орусиянын “Россия-1” мамлекеттик каналынын “Вести” программасында режиссёр Никита Михалковдун “БесогонТВ” программасынан үзүндү чыкты. Анда ал абакка кесилип, Украинадагы согушта каза болгон Константин Тулиновду баатыр катары көрсөткөн. Муну менен Орусиянын бийлиги түрмөдөгүлөрдү да согушка тартып жатканын биринчи жолу моюнуна алды.

Никита Михалков берүүдө каза болгон Тулиновдун “татаал жолун” баяндап берет. Каарманы 16 жашында биринчи шарттуу жазасын алып андан кийин адам өлтүрүүгө аракет кылган деген айып менен соттолгонун, каракчылык, баңгизатка байланыштуу да бир нече жолу абакка түшкөнүн айтып берген.

Режиссёрдун айтымында, Константин Тулинов майданга жөнөтүү өтүнүчү менен өзү арыз жазып кетип, 14-июлда каза болгон. Видеодо Тулинов менен бирге кызмат өтөгөндөр ал башка аскерлер артка аман-эсен чегинип кетиши үчүн үч украин аскери менен бирге өзүн жардырганын баяндашкан.

Орус абактарында жазасын өтөп жаткандарды Украинадагы согушка азгыруу болуп жатканын 2-июлда Gulagu.net укук коргоо долбоору жазып чыккан. Кийин бул маалыматты “Важные истории” басылмасы өз булактарына таянып ырастаган.

7-августта “Медиазона” басылмасы да Орусиянын абактарында Украинадагы согушка тартуу жүрүп жатканын жазган. Бул тууралуу журналисттерге Ярослав жана Тула облустарынын абактарында жазасын өтөп жаткандар айтып беришкен. Маалыматка караганда, абакка келген белгисиз адамдар аларды жеке аскердик компаниянын курамында Украинага барып согушууга чакырышкан. Бул үчүн камактагылардын соттуулугун жоюуну жана жакшы акча төлөп берүүнү убада кылышкан.

“Азаттык” буга чейин Орусиядагы мигранттардын арасында дагы Украинадагы согушка азгыруу жүрүп жатканын жазган.

Дагы караңыз

Хорогдо генерал Назаровдун өлүмүнө айыпталган үч адам өмүр бою кесилдиОоган жараны Иранда он кишини өлтүрүүгө шек саналып кармалдыУлуу Үркүн окуясын эскерген жүрүш Түп районуна жетти Ысык-Көлдө 20 гектар буудай, беде аянтын сел каптады“Байрактарды” чыгарган компания Украинада завод куруу үчүн жер алдыОккупацияланган Запорожьеде референдум өткөрүү боюнча буйрук чыктыЗулушев бир кишиге 360 эпизод менен иш козголгон учурлар бар экенин айтты Баткенде чек арачынын куралынан жараат алган өспүрүмдүн абалы оор