Иранда полиция жер талаштан улам он кишини бычактап өлтүргөн деген шек менен Ооганстандын жаранын кармады. Бул тууралуу 8-августта жергиликтүү маалымат каражаттары жазды.
Ирандын түштүк-чыгышындагы Керман провинциясынын губернаторунун орун басары Рахман Жалал белгисиз адам 7-августта Рефсенжан шаарында алты оогандык жана төрт ирандык кишини “пикир келишпестиктен” улам өлтүрдү деген айып менен кармалганын айтты. Анын маалыматы боюнча, кол салуудан дагы сегиз киши жаракат алган.
Мамлекеттик телеканал “шектүү психикалык жактан туруксуз" экенин билдирди. Айрым маалыматтарга караганда, ал кармалганга чейин өз жанын кыюуга аракет кылган.
Иран ондогон жылдар бою миллиондогон ооган качкындарын кабыл алып келет.
Дагы караңыз
Улуу Үркүн окуясын эскерген жүрүш Түп районуна жетти Ысык-Көлдө 20 гектар буудай, беде аянтын сел каптады“Байрактарды” чыгарган компания Украинада завод куруу үчүн жер алдыОккупацияланган Запорожьеде референдум өткөрүү боюнча буйрук чыктыЗулушев бир кишиге 360 эпизод менен иш козголгон учурлар бар экенин айтты Баткенде чек арачынын куралынан жараат алган өспүрүмдүн абалы оор