“Байрактарды” чыгарган компания Украинада завод куруу үчүн жер алды

"Байрактар" дрондору, Украина. 2021-жыл, 28-октябрь.

Түркиялык Baykar компаниясы Украинада каттоодон өтүп, Bayraktar учкучсуз учактарын чыгара турган завод куруу үчүн жер тилкесин алды. Бул тууралуу Украинанын Түркиядагы элчиси Василий Боднар РБК-Украина агенттигине берген маегинде билдирди. Элчинин сөзүнө караганда, компания заводдун долбоорун өзү иштеп чыкты жана аны аягына чейин ишке ашырууга ниеттенип жатат.

Маалымат боюнча, Киев менен Анкара 2022-жылдын февраль айынын башында эле Украинада Bayraktar пилотсуз учактарын чыгара турган завод куруу боюнча келишимге кол койгон.

Украина Орусия менен болгон согушта түркиялык Bayraktar TB2 учкучсуз учактарын колдонууда. Дрон сокку уруу жана чалгындоо милдеттерин аткара алат. Украина бул аппаратты согуш талаасында биринчи жолу 2021-жылы пайдаланган.

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган июль айынын аягында Орусия Baykar компаниясы менен кызматташууну көздөп жатканын билдирген. 10-июлда түркиялык ишкананын башкы директору Халук Байрактар CNN телеканалына берген маегинде Орусияга Bayraktar сатылбай турганын айткан.

Дагы караңыз

Улуу Үркүн окуясын эскерген жүрүш Түп районуна жетти Оккупацияланган Запорожьеде референдум өткөрүү боюнча буйрук чыктыЗулушев бир кишиге 360 эпизод менен иш козголгон учурлар бар экенин айтты Баткенде чек арачынын куралынан жараат алган өспүрүмдүн абалы оорБеларуста нааразылык акцияга катышкан журналист өлкөдөн чыгып кеттиМелитополдо Орусиянын 100дөн ашык аскери набыт болгону кабарланды"Кыргыз почтасынын" ишинде техникалык үзгүлтүк болду