Улуу Үркүн окуясын эскерген жүрүш Түп районуна жетти

Сан-Таш айылындагы Үркүнгө байланыштуу эстелик. Жүрүштүн катышуучулары.

“Эсимде” изилдөө аянтчасы 1916-жылдагы көтөрүлүш жана Үркүн окуяларына арналган эскерүү жүрүшүн улантып, 8-августта Түп районунун Байзак, Кең-Суу, Сан-Таш айылдарын кыдырышты. Жүрүштүн катышуучулары ушул айылдагы кыргыздар Кытайга качкан жолдор менен жүрүшүп, 2011-жылы “Кыргыз Эл Коому” фонду тарабынан Үркүндүн 95 жылдыгына карата орнотулган эскерүү ташына зыярат кылышты.

Эртең Каракол шаарындагы Жеңиш паркындагы “Үркүн” эстелигинин жанында жолугушуу өткөрүшөт.

5-августта “Эсимде” изилдөө аянтчасы эскерүү жүрүшүн Бишкектен баштаган. Жүрүшкө аттанган он чакты киши Токмок, Боом, Көк-Мойнок, Балыкчы аркылуу Ысык-Көлдүн күңгөйүнө жетип, андан көлдүн тескей бетине жол тартарын айтышкан.

Катышуучулар 13-14-августта Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда Тосор айылынан беш чакырым аралыктагы Кыргын-Сай деген жерге барып, ошол жерде кыргындын курмандыктарын эскеришет.

Демилгечилер тарыхчылардын изилдөөлөрүнө таянып тараткан маалыматтарга ылайык, 1916-жылы кеч күздө дал ушул Кыргын-Сай деген жерде орус падышачылыгынын жазалоочу аскерлери алардан жашынып кетип бараткан бүтүндөй бир айыл элди мыкаачылык менен өлтүрүшкөн. Айрым маалыматтарда 150, айрымдарында 300-500 адам жок кылынганы айтылат.

Кыргызстанда август айынын биринчи жума күнү Үркүндүн курмандыктарын эскерүү датасы катары аныкталган. Үркүн окуялары Кыргызстанда 7-8-ноябрда да Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрүндө эскерилет. 1916-жылы Кыргызстандын эгемендиги үчүн улуттук-боштондук көтөрүлүш кандуу басылган соң орус падышачылыгынын жазалоочу кошуундарынын мыкаачылыгынан Нарын, Чүй жана Ысык-Көлдөгү кыргыздардын көпчүлүгү Кытай тарапка качууга аргасыз болгон.

Айрым тарыхчылардын айтымында, бул кайгылуу окуялардан улам аймактагы кыргыздардын калк саны дээрлик 40% азайган. Көпчүлүк тарыхчылар бул каргашалуу окуядан улам бери дегенде 120 миң кыргыз набыт болгонун, башка да казак, дунган, уйгур улутундагы далай көтөрүлүшчүлөр өмүрүнөн ажыраганын белгилешет.

2017-жылы «Азаттык» радиосу Үркүндүн 100 жылдыгына арналган «Үркүн. Кылымдар унуткус кыргын» деп аталган китеп чыгарган. (TSh)

Дагы караңыз

Баткенде чек арачынын куралынан жараат алган өспүрүмдүн абалы оорБеларуста нааразылык акцияга катышкан журналист өлкөдөн чыгып кеттиКыргызстанда 5G технологиясын сыноого уруксат берилдиМелитополдо Орусиянын 100дөн ашык аскери набыт болгону кабарланды