Чек ара кызматы Баткен районунун Миң-Өрүк айылына жакын жердеги ок атуудан сегиз жаштагы өспүрүм жараат алганын ырастады. Бул тууралуу аталган кызмат тараткан маалыматта айтылат.
Ага ылайык, 7-августта Миң-Өрүк айылынын четинде кызмат өтөп жаткан жоокер К.Ж.у. Куралдуу күчтөрүнүн уставынын талаптарын бузуу менен кокустан ок чыгарып, анын кесепетинен 2014-жылы туулган А.С. аттуу өспүрүм жаракат алган.
Окуя боюнча Баткен гарнизонунун аскер прокуратурасына жана укук коргоо органдарына маалымат берилип, азыркы учурда окуя боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат.
Башкы прокуратура ушул эле окуя боюнча башкача өңүттөгү маалымат таратты. Анда чек арачылар нөөмөттө турган жерге жергиликтүү үч өспүрүм келип, жоокер алаксый түшкөндө анын куралы менен балдардын бири экинчисин атып жибергени айтылат.
Жаракат алган өспүрүм Баткен облустук ооруканасында жатат. Дарыгерлер анын абалын оор деп баалап жатышат. (BkA)
Дагы караңыз
Улуттук банк Кыргызстан санкцияга туш болбошу үчүн аракет көрөрүн билдирди Улуттук банк: долларды накталай алууда банктар 5% чейин комиссия алып жатат Кытай Тайвандын айланасында аскердик машыгууларынын мөөнөтүн узарттыӨкмөт жарандардын накталай долларды четке чыгаруусун чектөөнү карап жататОрусияда Украинадагы согуш үчүн 40тан ашык ыктыярдуу батальон түзүлдү