8-августка караган түнү Украинанын куралдуу күчтөрү орус армиясы басып алган Херсондогу Антонов көпүрөсүнө кайра сокку урду. Андан буга чейинки аткылоодо көпүрөнүн жарактан чыккан жерлерин оңдоп жаткан куруучулардын техникасы күйүп кетти.
Херсон облусунун оккупациялык администрациясынын башчысынын орун басары Кирилл Стремоусов ушундан улам көпүрөнүн ачылышы кийинкиге жылдырыларын билдирди.
Көпүрө буга чейин жүк ташуучу автоунаалар үчүн жабык болсо, украин күчтөрүнүн 26-июлдан 27-июлга караган түнкү аткылоосунан кийин толугу менен жабылган. Сокку HIMARS жапырт аткылоочу реактивдүү системаларынан жасалды.
Жарыяланган видеодо жол бир топ эле жарактан чыкканын көрүүгө болот. Бирок көпүрөнүн тирөөчтөрү кулаган эмес.
Антонов көпүрөсү - Херсондогу Днепр аркылуу өткөн жалгыз көпүрө. Ал шаарды Днепрдин сол жээги менен байланыштырат. Орус аскерлеринин көзөмөлүндөгү көпүрөнүн узундугу болжол менен бир жарым чакырым, туурасы 25 метр. Ал Днепр дарыясынын оң жээгиндеги орус аскерлерин жабдуу үчүн маанилүү. Көпүрө талкаланса, Херсондогу орус аскерлери байланышсыз калат.
Орусиянын аскерлери президент Владимир Путиндин буйругу менен 24-февралда Украинанын аймагына басып кирген. Аскердик кол салуунун максатын ал Украинаны “денацификациялоо” жана “демилитаризациялоо” деп атаган, бирок анын жөнүн так түшүндүргөн эмес.
Дагы караңыз
Улуттук банк: долларды накталай алууда банктар 5% чейин комиссия алып жатат Кытай Тайвандын айланасында аскердик машыгууларынын мөөнөтүн узарттыӨкмөт жарандардын накталай долларды четке чыгаруусун чектөөнү карап жататОрусияда Украинадагы согуш үчүн 40тан ашык ыктыярдуу батальон түзүлдү Башкырстандык альпинист Хан-Теңири чокусунда каза болдуТИМ Москвада кырсыктан каза болгон кыргызстандыктар боюнча маалымат берди"Ош" аэропортундагы көйгөйлөрдү айткан журналист коркутууга кабылып жатканын билдирдиБаткенде чек арачынын куралынан жараат алган өспүрүмдүн абалы оор