Кыргызгидромет кызматы 8-12-август аралыгында аба ырайы туруксуз болорун, нөшөрдөн улам тоолуу райондордо сел жүрүшү мүмкүндүгүн эскертүүдө.
9-августта Ысык-Көл, Чүй облустарынын айрым аймактарында, Жалал-Абад, Талас облустарынын тоолуу жерлеринде өткүн өтөт.
Абанын температурасы:
Нарын облусунда түнкүсүн 8...13, күндүз 23...28,
Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 11...16, күндүз 24...29,
Талас жергесинде түнкүсүн 11...16, күндүз 25...30,
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 15...20, күндүз 26...31,
Баткен, Жалал-Абад, Ош облустарында түнкүсүн 19...24, күндүз 30...35 градус ысык болот.
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн 0...5, күндүз11...16 градус жылуу.
Бишкек шаарында түштөн кийин өткүн өтүшү мүмкүн. Түнкүсүн 18...20, күндүз 29...31° жылуу болору күтүлүүдө.
Дагы караңыз
Тарых музейиндеги өрт: Эсеби жок экспонаттар "Кыргыз почтасынын" ишинде техникалык үзгүлтүк болдуКарыздын айынан "кара тизмеге" киргендер 180 миңден ашты