Расмий Бээжин 8-августта Тайвандын тегерегиндеги аскердик машыгууларды узартып жатканын билдирди. Бирок дагы канча күнгө созулары так айтылган жок. Кытайдын мамлекеттик телеканалы машыгуулар “суу астындагы кайыктарга жана деңизге каршы чабуулдарга” багытталганын кабарлады.
Тайвандын Коргоо министрлигинин маалыматы боюнча, 7-августта деңиз жана аба машыгууларын өткөрүп жаткан Кытайдын 66 учагы менен 14 согуштук кемеси аныкталды. Арал буга жооп кылып Кытайдын аскердик техникасын көзөмөлдөй турган кемелерди, учактарды жайгаштырды.
АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасынын спикери Нэнси Пелоси аралга келип кеткенден кийин Кытай 4-августта Тайвандын тегерегиндеги алты аймакта ок атуучу аскердик машыгууларды баштаган. Ал 7-августта аяктамак.
Пелоси акыркы 25 жылда аралга учуп келген эң жогорку даражалуу америкалык саясатчы болуп калды. Кытайдын Тышкы иштер министрлиги Пелосинин сапарын өзүнүн суверенитетин бузуу катары баалаган жана Вашингтон үчүн оор кесепетке алып келерин эскерткен. Бул сапарга байланыштуу Кытай Нэнси Пелосиге жана анын үй-бүлөсүнө каршы санкция салды.
1950-жылдары Кытайдын Коммунисттик партиясы менен күрөштө утулуп калган Гоминдан партиясы өлкөнүн Тайван аралында баш калкалап, аны жана анын айланасындагы бир нече аралды өзүнчө мамлекет деп жарыялаган. Алар өздөрүн 1911-жылы түзүлгөн Кытай Республикасынын мураскери катары көрүшөт. Тайван Тайбэй шаарын борбору деп санайт.
Ушул тапта Тайванды өз алдынча мамлекет катары 13 гана өлкө тааныйт. Расмий Бээжин аралды өзүнүн бир бөлүгү катары карап, ага каршы саясат жүргүзүп келет. АКШ Тайвандын көз карандысыздыгын тааныбайт, бирок Кытайдын аны күч менен кошуп алуусуна каршы чыгып келет.
Дагы караңыз
Башкырстандык альпинист Хан-Теңири чокусунда каза болдуТарых музейиндеги өрт: Эсеби жок экспонаттар Орусияда Украинадагы согуш үчүн 40тан ашык ыктыярдуу батальон түзүлдү Өкмөт жарандардын накталай долларды четке чыгаруусун чектөөнү карап жататУлуттук банк: долларды накталай алууда банктар 5% чейин комиссия алып жатат ТИМ Москвада кырсыктан каза болгон кыргызстандыктар боюнча маалымат берди