Баткен районунда чек арачынын куралынан ок тийген сегиз жаштагы жеткинчектин абалы оор. Бул тууралуу 8-августта Баткен районунун акимчилигинен «Азаттык» радиосуна кабарлашты. Жабыркаган бала учурда Баткен облустук биргелешкен ооруканасынын жандандыруу бөлүмүндө дарыгерлердин көзөмөлүндө.
Окуя 7-августта кечинде Баткен районунун Тажикстан менен чектешкен аймактагы Миң-Өрүк айылында болгон. Алдын ала маалыматта 19 жаштагы жергиликтүү тургун чек арачылардын жанына келип, куралды кармап көрөм деп колуна алганы айтылат. Ошол маалда курал атылып кетип, ок жанында турган сегиз жаштагы баланын жамбашына тийип, омурткасын да жабыркаткан.
Дагы караңыз Чек ара кызматы, Башкы прокуратура Баткендеги окуя боюнча эки башка маалымат тараттыӨспүрүм 7-август күнү кечинде облустук ооруканага жеткирилген.
Чек ара кызматы окуя тууралуу азырынча расмий маалымат бере элек.(JsA)
Дагы караңыз
"Ош" аэропортундагы көйгөйлөрдү айткан журналист коркутууга кабылып жатканын билдирдиКыргызстанга бир жылга жетчүдөй инсулин алып келиндиМосквада суу коллекторуна агып кеткен эки кыргызстандыктын сөөгү табылды"Кыргыз почтасынын" ишинде техникалык үзгүлтүк болду