Пакистандын түндүк-батышындагы Хайбер Пахтунхва провинциясында жергиликтүү кеңештин депутатына жасалган кол салуудан төрт киши, анын ичинде эки полиция кызматкери мерт кетти.
Мыйзам чыгаруучу Лиякат Хан ооруканага жеткирилди. Дарыгерлердин айтымында, ага операция жасалды жана өмүрүнө коркунуч жок.
Полициянын маалыматына караганда, депутат жакындары менен келаткан маалда белгисиз куралчан адамдар кол салышкан. Каза болгондордун арасында анын жээни жана агасы бар. Чабуул үчүн жоопкерчиликти эч бир топ өз моюнуна ала элек.
Лиякат Хан мурдагы өкмөт башчы Имран Хан жетектеген «Техрик-и Инсаф» партиясынын мүчөсү.
Дагы караңыз
«Роснанонун» мурдагы башчысы Чубайс ооруканадан чыктыУкраина портторунан дан жүктөгөн кемелердин экинчи кербени жөнөдү Кыргызстандан Германияга жумушчуларды жөнөтүү тууралуу келишим түзүлөт