Ысык-Көлдө чөгүп кеткен төрт жашар кызды табууга көмөктөшүүнү өтүнүп, анын жакындары жана ыктыярчылар элге кайрылышты. Алар жергиликтүү тургундарды жана кайдыгер эмес жарандарды издөө иштерине жигердүү катышууга үндөп, кызды тапкан адамга 200 миң сом сый акы убада кылышты.
18-июлда Тору-Айгыр жана Чырпыкты айылдарынын аймагында ата-энеси менен эс алып жүргөн төрт жашар кыз көлгө чөгүп кеткен. Андан бери милициянын жана Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары жана ыктыярчылардан турган жоон топ аны издеп жатышат.
Ысык-Көл районунун аймагында 111 пансионат, 4 санаторий, 364 чакан мейманкана, сегиз эс алуу борбору жана 11 балдар лагери жайгашкан. (SE)
Дагы караңыз
Украинада оккупациялык бийлик башчысынын орунбасары кол салуудан каза болдуБекназаров элчилик кызматтан алындыЫсык-Көлдө дайынсыз болуп жаткан спортчу жээкке сүзүп чыктыИзраил Газа тилкесине сокку урду