Кыргызстандын Пакистандагы элчилиги чет элдик маалымат каражатына чыккан "Ал-Каида" анабашын жок кылган учкучсуз учак "Манас" аба майданындагы АКШнын "Ганси" аскер базасынан учурулган" деген кабар чындыкка дал келбей турганын билдирди.
Элчиликтин маалыматында, "Манастагы" эл аралык жүк ташуучу база 2014-жылы жабылып, учурда аэропортто америкалык же башка чет элдик аскердик база жок экени белгиленген.
Пакистандык англис тилдүү Dawn басылмасы "Ал-Каида" террористтик уюмунун анабашын жок кылган учкучсуз учак "Манас" аба майданындагы "Ганси" аскер базасынан учурулганын жазган. Бирок маалыматтын булагын так көрсөткөн эмес.
2014-жылдын 3-июнда "Манас” аба майданындагы транзиттик борбордун жабылуу аземи өтүп, ачкыч кыргыз тарапка тапшырылган.
2001-жылдын 11-сентябрындагы АКШдагы теракттардан кийин Вашингтон менен Бишкек макулдашуусунан кийин “Ганси” базасы ошол жылдын декабрь айында ачылган. (TSh)
Дагы караңыз
Ысык-Көлдө дайынсыз болуп жаткан спортчу жээкке сүзүп чыктыИзраил Газа тилкесине сокку урду Запорожье атомдук электр станциясынын бир бөлүгү өчүрүлгөнү кабарланды Аба ырайы: тоолуу райондордо жаан жаайтE