“Араб координациялык тобу” Кыргызстандын билим берүү тармагына 100 миллион доллар бөлөт

“Араб координациялык тобунан” Кыргызстандын билим берүү тармагына 100 миллион доллар бөлүнмөй болду. Бул тууралуу 4-августта Кыргызстандын Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, тийиштүү макулдашуу Чолпон-Ата шаарында аталган топтун төртүнчү жыйынында жетишилди.

Жыйында Кыргызстанды өнүктүрүүнүн 2022-2026-жылдарга карата улуттук программасы талкууланды.

Жетишилген макулдашууга ылайык, Кыргызстан билим берүү тармагын өнүктүрүүгө грант түрүндө 15 миллион доллар жана үстөк пайызы төмөн шартта 85 миллион доллар насыя ала алат.

“Араб координациялык тобу” 1975-жылы негизделген. Ага Ислам өнүктүрүү банкы, Саудия өнүктүрүү фонду, OPEC эл аралык өнүктүрүү фонду (мунай өндүрүүчү өлкөлөрдүн бирикмеси), Кувейт экономикалык өнүктүрүү фонду жана Абу-Даби өнүктүрүү фонду мүчө. (RK)

Дагы караңыз

Ысык-Көлдө июнь айындагы жутта 786 кайберен өлгөнү ырасталды Элчи Бекназаров өкмөттүн Кумтөр боюнча чечимин сындадыЖапаров: Валюта базарындагы абалды көзөмөлдөп жатабызТоолуу Карабакта кырдаал кайра курчуду