Зеленский Украина, Кавказ, Балкан, Тайвандагы окуяларды бири-бири менен байланыштырды

Владимир Зеленский

Украинанын президенти Владимир Зеленский өз өлкөсүндө жүрүп жаткан согуштун фонунда дүйнөнүн башка жагында чыккан жаңжалдар жана чыңалууларды комментарийлеп, муну эл аралык коопсуздуктун бузулганы менен байланыштырды. Бул тууралуу пикирин ал соңку сутканы жыйынтыктаган видео кайрылуусунда айтты.

“Ушул күндөрү маалымат мейкиндигинде жана социалдык желелерде географиянын башка алкагындагы чыр-чатактар жана коркутуулар жөнүндө көп маалыматтар чыгып жатат. Алгач Балканда, анан Тайванда, эми болсо Кавказда... Бул кырдаалдардын баары түрдүүдөй сезилет, бирок баарын бир фактор бириктирип турат. Тагыраагы, дүйнөлүк коопсуздук архитектурасы иштеген жок. Эгер иштегенде, бул жаңжалдар болмок эмес. Украина муну кеңири масштабдагы согуш башталган 161 күндөн бери эле эмес, канча жылдан бери айтып келатат. Баары Орусия эл аралык укукту, адамзаттын кызыкчылыгын таптакыр эске албай калгандан кийин башталды”, - деди ал.

Зеленский Орусия 2014-жылы Крымды аннексиялап, Донбассты басып алган соң эл аралык коомчулукта эч кандай жоопкерчилик тарткан жок. Анын айтымында, ошондон бери башка өлкөлөр да ушундай аракеттерге барууга аракет кыла баштаган. Украин президенти муну токтотуу үчүн “бир мамлекет башка мамлекетке террор жасай албай тургандай” коопсуздук эрежелери курулушу керек деп эсептейт.

Орусиянын аскерлери президент Владимир Путиндин буйругу менен 24-февралда Украинанын аймагына басып кирген. Акыркы күндөрү орус күчтөрү Украинанын түштүк аймактарына чабуулдарын күчөтсө, украин аскерлери оккупацияда турган Херсонду бошотууга басым жасашууда.

Июлдун аягында Балкан жарым аралында – Косоводо этникалык сербдердин документтерине байланыштуу Сербия менен чыңалуу катталган, августтун башында америкалык аткаминердин Тайванга визитинен улам Кытай чек арага аскерлерин жыйнаган, эми машыгуу баштады. Кавказда – Азербайжан менен Армениянын ортосунда Тоолуу Карабак жикчил аймагына байланыштуу кайрадан атышуу болду. (ErN)

Дагы караңыз

Кытай Тайвандын айланасында аскердик машыгууларын баштадыТоолуу Карабактагы атышууда эки тараптан бир нече адам өлдүПелоси АКШ Тайвандагы демократияны колдой турганын айттыАКШдан келген ыктыярчылар Бишкекте ант беришти