Орусиянын Москва облусундагы өрттө кыргыз жарандары жабыркаган жок. Бул тууралуу Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги кабарлады.
Маалыматка караганда, Истра районундагы Петровское айылында "Озон" онлайн-ритейлер кампасында өрт чыгып, миңден ашуун адам эвакуацияланган.
ТАСС жана Риа Новости кампадагы өрт 17 саатта өчүрүлгөнүн, 11 адам жабыркаганын, экөө орто оор абалда ооруканага түшкөнүн жазышты.
Имараттын 40 миң чарчы метри күйүп, чатыры кулап түшкөн.
28-июлдан 29-июлга оогон түнү Москва шаарыныдагы хостелде чыккан өрттөн сегиз адам каза тапкан. Арасында өзбекстандык мигранттар болгон. (SE)
Дагы караңыз
Талас менен Нарында он чакты менчик телеканал өчүрүлдүАзимбек Бекназаров Кумтөр келишиминде Кыргызстан утулганын билдирдиДепутат Акаев Оштогу такси айдоочуларына байланыштуу Жапаровго кайрылды