"Санарип технологиялар" ишканасы каржылык маселеден улам Талас жана Нарын облустарында 1-августтан тарта он чакты жеке менчик телеканал өчүрүлгөнүн билдирди. Арасында 3-канал, Next TV, Super TV, NewTV өңдүү каналдар бар. Учурда көйгөйдү чечүү аракети көрүлүүдө.
Аталган ишканадан кабарлашкандай, жалпы карыз 6 миллион сомго жакын. Мындан улам Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу боюнча радиорелейлик магистралдык республикалык өндүрүштүк бирикмесине каналдарды өчүрө туруу сунушу берилген.
Кыргызстан 2015-жылы санарип телеберүүгө өткөн. Жеке каналдар “Санарип технологиялар” биргелешкен ишканасын түптөп, ал аркылуу жогоруда аталган республикалык бирикмеге акы төлөп, эфирге чыга баштаган.
Иш тартибине ылайык, жеке каналдар берген акчаны “Санарип технологиялар” Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу боюнча радиорелейлик магистралдык республикалык өндүрүштүк бирикмесине төлөөгө тийиш.
Учурда аталган эки аймакта жергиликтүү үчтөн канал көрсөтүүдө.
2022-жылдын январына карата Кыргызстанда 60тан ашык жеке менчик телерадиоканал катталган. (SE)
Дагы караңыз
Медведев орус элитасынын ниетин айттыбы?Депутат Акаев Оштогу такси айдоочуларына байланыштуу Жапаровго кайрылды Тукуновдун чиновниктин этикасын эске салган окуясы