Согуш башталгандан берки биринчи кеме Украинадан Түркияга келди

Украинадан жүгөрү ташып бараткан Razoni кемеси.

БУУнун ортомчулугу менен дан ташыган биринчи кеме Украинадан Стамбул шаарына пландалгандан кечигип, шейшембиде түн жарымда келди. Ал 36 саат жол жүрүп, Босфор кысыгынын кире беришине токтоду.

Сьерра-Леоне мамлекетинде катталган, Razoni деп аталган кеме 26 миң тонна жүгөрү жүктөп, Одессанын портунан 1-августта Кара деңиз аркылуу жолго чыккан. Ал 2-августта түштөн кийин Стамбулга келери айтылган эле. Бирок аба ырайына жана суудагы миналардан улам акырын жүргөнү айтылды.

Бул согуш башталгандан берки биринчи ирет украин дан азыктарын экспортко чыгаруу аракети. Түрк-украин тараптар башка кемелерге да жүк жүктөө жана жөнөтүү аракеттери уланып жатканын маалымдады. Расмий Анкара келишимге ылайык, күн сайын бирден кеме жолго чыгып турарын билдирди.

Украинанын инфратүзүм министри Александр Кубраков менен Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу Түркия жана Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) ортомчулугу менен Украинада бир нече айдан бери токтоп турган буудай экспортун кайра жандантуу келишимине 22-июлда Стамбулда кол койгон.

Соңку келишимге ылайык, Кара деңиздеги бөгөттөлгөн үч украин порту - Одесса, Черноморск жана Южный порттору ачылышы керек эле. Орусия аларды 24-февралда согуш башталгандан кийин тосуп койгон.

Эки тарап тең жүк ташуучу кемелер өтө турган маршрутта ок атууну токтотууга кепилдик берүүдө. Деңиз жолу миналардан тазаланышы керек, бирок бул порттордун акваториясы толук миналардан алынат дегенди түшүндүрбөйт. Дан азыктарын жүктөөгө Украинанын, Түркиянын жана БУУнун өкүлдөрүнөн түзүлгөн топ байкоо салат. Кемелерди украин флотунун техникасы гана коштоп жүрөт.

Расмий Киев жана Батыш өлкөлөрү Орусияны украин деңиз портторун басып алганы үчүн айыптап, муну дүйнөлүк рынокто дан азыктарынын бааларын көтөрүүгө жана товарлардын тартыштыгын жаратууга болгон аракет катары сыпаттап келген. (ErN)

Дагы караңыз

Пелоси АКШ Тайвандагы демократияны колдой турганын айттыПрезиденттик администрациянын Маалыматтык саясат кызматын Дайырбек Орунбеков жетектейт 4-августта айрым аймактарда өткүн өтөтЫсык-Көлдө кичи автобус кырсыкка кабылып, эки адам каза болду